Толугу менен кайра иштелип чыккан Pixel камерасынын "Тикесинен" жана "Түнкүсүн тартуу", "Time Lapse" жана "Кинодогудай мунарыктатуу" режимдерин колдонуп, мыкты көз ирмемдерди өткөрүп жибербеңиз.
Укмуштуудай кооз сүрөттөрдү тартыңыз
• HDR+ жана экспозиция жана актын балансын башкаруу элементтери — Айрыкча күңүрт же жарыгы начар жерлерде HDR+ аркылуу мыкты сүрөттөрдү тартасыз.
• Түнкүсүн тартуу – Мындан ары жарк этмени такыр колдонбой каласыз. "Түнкүсүн тартуу" функциясы демейде караңгыда көрүнбөй, сүрөткө тартылбай калган бардык нерселерди жана түстөрдү ачык көрсөтөт. Жада калса, Астрофотография функциясын колдонуп, Саманчынын жолун да тарта аласыз!
• Өтө сезгич зум — Алыстан жакындатып тартыңыз. Өтө сезгич зум сүрөттөрдү жакындатканыңызда даанараак көрсөтөт.
• Узак экспозиция — Кыймылдагы объекттерге бүдөмүктөтүү эффектин кошуңуз
• Панорамдоо — Объектти фокуста кармап, фонго бүдөмүктөтүү эффектин кошуңуз
• Макро фокус — Эң кичинекей нерселерге да жандуу түс жана укмуштуудай контраст бериңиз
Ар дайым укмуштуудай видеолорду тартыңыз
• Киши көп болгон жана караңгы жерлерде да жогорку дааналыктагы жана аудиосу тунук видеолорду тартыңыз
• Кинодогудай мунарыктатуу — Объекттин аркасындагы фонду бүдөмүктөтүп, киноэффектти колдонуңуз
• Киноэффект — Панорамдык видеону тартууда телефонуңуздун жылышын жайлатыңыз
• Тез жаздыруу — Демейки камера режиминде жапкычты коё бербей басып, видеолорду тез жаздырып алыңыз
Pixel 8 Pro'нун эксклюзивдүү функциялары
• Жогорку дааналыктагы 50 Мпикс. сүрөттөрү — Майда-чүйдөсүнө чейин көрүнгөн жогорку дааналыктагы сүрөттөрдү тартыңыз
• Pro параметрлери — Фокусту, каныккандыкты жана башка нерселерди тууралап, чыгармачылык менен тартыңыз
Талаптар - Pixel камерасынын соңку версиясы Pixel түзмөктөрүндө гана, Android 14 жана андан кийинки версияларында иштейт. Wear OS үчүн чыгарылган Pixel камерасынын соңку версиясы Pixel телефонуна туташтырылган Wear OS 3 (жана андан кийинки) түзмөктөрүндө гана иштейт. Кээ бир функциялар айрым түзмөктөрдө иштебейт.
Качан жаңырды
2024-ж., 22-ноя.