Family Link ата-эненин көзөмлү

1,6
329 миң сын-пикир
50 млн+
жолу жүктөлүп алынды
Мазмун рейтинги
Баары
Скриншоттун сүрөтү
Скриншоттун сүрөтү
Скриншоттун сүрөтү
Скриншоттун сүрөтү
Скриншоттун сүрөтү
Скриншоттун сүрөтү
Скриншоттун сүрөтү

Колдонмо тууралуу

Family Link колдонмосу ата-энелерге арналган Family Link колдонмосу менен байланышкан. Аны балаңыз колдонгон түзмөккө гана орнотуңуз.

Google'дун Family Link ата-эненин көзөмөлү колдонмосун пайдаланып көрүңүз. Балаңыз окуганга да, ойногонго да, эс алганга да жетишкендей, убакытты туура бөлүштүрүңүз. Family Link колдонмосу аркылуу балаңызга аккаунт түзүп берип, анын түзмөктү кандайча пайдаланып жатканын алыстан көзөмөлдөңүз. Эгер балаңыз 13 жашка чыга элек болсо (же ар кайсы өлкөдө курактык чек ар кандай болушу мүмкүн), Family Link аркылуу балаңызга Google аккаунт түзүп берсеңиз болот. Ушуну менен, балаңыз Google´дун көптөгөн кызматтарын пайдалана алат.


Family Link’теги Ата-эненин көзөмөлү менен төмөнкүлөрдү аткара аласыз:

Пайдалуу жана коопсуз мазмунду көрсөтө аласыз

• Балаңыздын аракеттерине көз салып, түзмөктү пайдалануу убакытын чектей аласыз. Балаңыз Android түзмөгүндө кайсы колдонмолорду көбүрөөк ачып жана аларга канча убакыт коротуп жатканын билип турасыз. Күнүмдүк, апталык жана айлык баяндамаларды көрө аласыз.
• Алардын колдонмолорун башкарыңыз - пайдалуу билдирмелер аркылуу балаңыз Google Play Store´дон кандай колдонмолорду жүктөп алып жатканын көзөмөлдөй аласыз. Мындан тышкары, балаңыздын колдонмо аркылуу сатып алуу аракетин башкарып, түзмөгүнө орнотулган айрым колдонмолорду алыстан жашырып койсоңуз болот.
• Балаңызга ылайыктуу колдонмолорду аныктоо оңойго турбашы мүмкүн, андыктан Family Link мугалимдер сунуштаган колдонмолорду көрсөтөт. Аларды түздөн-түз балаңыздын түзмөгүнө кошуп койсоңуз болот.


Түзмөктү пайдалануу убакытын көзөмөлдөңүз

• Чектөөлөрдү орнотуңуз - Балаңыздын түзмөктү пайдалануу убакытын өзүңүз чечесиз. Family Link көзөмөлдөнгөн түзмөктөргө убакыт чектөөлөрүн жана уктоо маалын орнотууга мүмкүнчүлүк бергендиктен, балаңызга жакшы баланс түзүп бересиз.
• Түзмөктү кулпулаңыз - Эшикте ойногонго же тамактанууга убакыт келсе же убакытты балаңыз менен бирге өткөрүүнү кааласаңыз, көзөмөлдөнгөн түзмөктү алыстан кулпулай аласыз.


Кайда жүргөнүн көрүп туруңуз

• Балаңыздын кайда жүргөнүн билип турасыз. Балаңыздын Android түзмөгү жанында болсо, Family Link колдонмосун ачып, анын жайгашкан жерин караңыз.


Маанилүү маалымат

• Family Link куралдары балаңыздын түзмөгүнө жараша ар кандай болушу мүмкүн. Шайкеш келген түзмөктөрдүн тизмесин families.google.com/familylink/setup дарегинен караңыз
• Family Link аркылуу Google Play´ден сатып же жүктөп алына турган нерселерди көзөмөлдөй аласыз. Бирок балаңыз сиздин уруксатыңызсыз аларды жаңыртып, Үй-бүлөлүк китепканадагы буга чейин жактырылган колдонмолор менен кызматтарды жүктөп ала алат (кошумча уруксаттар талап кылынган учурда да). Ата-энелер балдардын түзмөктөрүнө орнотулган колдонмолорду жана Family Link'теги колдонмо уруксаттарын такай текшерип турушу керек.
• Балаңыздын түзмөгүндөгү колдонмолорду кылдаттык менен текшерип, орунсуздарын өчүрүп коюңуз. Баса, алдын-ала орнотулган колдонмолор менен кызматтарды өчүрө албайсыз.
• Балаңыздын кайда жүргөнүн аныктоо үчүн анын түзмөгү күйгүзүлгөн, жакында колдонулган жана Интернетке туташкан абалда болушу керек.
• Мугалимдер сунуштаган колдонмолор АКШдагы Android түзмөктөрүндө гана иштеп, белгилүү бир курактагы балдардын ата-энелерине арналат.
• Family Link куралдары аркылуу балаңыздын онлайн аракеттерин башкарсаңыз да, аны Интернеттеги кооптуу мазмундан сактай албайсыз. Андан көрө балаңыз менен Интернетти кандай колдонуу тууралуу сүйлөшүп туруңуз.
Качан жаңырды
2024-ж., 3-сен.

Маалыматтардын коопсуздугу

Коопсуздук дегенде колдонмонун маалыматты кантип топтоп, аны үчүнчү тараптар менен кантип бөлүшө турганын түшүнүү керек. Маалыматтардын купуялыгы жана коопсуздугу колдонмоңуздун иштетилишине, жүргөн аймагыңызга жана курагыңызга жараша болот. Маалыматты иштеп чыгуучу берип, маал-маалы менен жаңырып турат.
Үчүнчү тараптар менен маалымат бөлүшүлбөйт
Иштеп чыгуучулар маалыматтардын бөлүшүлүшү жөнүндө кантип кабар берерин билип алыңыз
Бул колдонмо төмөнкүдөй маалыматтарды топтошу мүмкүн
Жеке маалымат, Колдонмодо жасалган аракеттер жана дагы 2
Маалымат шифрленип өткөрүлөт
Маалыматтарды өчүрүүнү сурансаңыз болот

Баалар жана сын-пикирлер

1,6
303 миң сын-пикир

Эмне жаңылык

Иштин туруктуулугу жакшырып, мүчүлүштүктөр оңдолду.