Тике транс-лоо жана Билдирме

3,7
172 миң сын-пикир
1 млд+
жолу жүктөлүп алынды
Мазмун рейтинги
Баары
Скриншоттун сүрөтү
Скриншоттун сүрөтү
Скриншоттун сүрөтү
Скриншоттун сүрөтү
Скриншоттун сүрөтү
Скриншоттун сүрөтү
Скриншоттун сүрөтү

Колдонмо тууралуу

Тике транскрипциялоо жана үн билдирмелеринин жардамы менен кулагы начар уккан адамдар Android телефону аркылуу айланадагы үндөрдү таанып, башкалар менен баарлаша алышат.

Түзмөктөрдүн көпчүлүгүндө бул функциялар төмөнкүчө иштетилет:
1. Түзмөгүңүздүн параметрлерин ачыңыз
2. Атайын мүмкүнчүлүктөр функциясын таптаңыз
3. Кайсы функция менен колдоноруңузга жараша Тике транскрипциялоону же Үн билдирмелерин таптап коюңуз

Тике транскрипциялоону же Үн билдирмелерин колдонуу үчүн атайын мүмкүнчүлүктөр баскычын, жаңсоону же Ыкчам параметрлерди (https://g.co/a11y/shortcutsFAQ) да колдоно аласыз.

Дароо транскрипциялоо
• 120 ашуун тилде жана диалектте дароо транскрипциялаңыз. Көп колдонгон сөздөрүңүздү, мисалды, үйдөгү нерселердин аталыштарын сөздүккө кошуп койсоңуз болот.
• Кимдир бирөө атыңызды атаганда, телефонуңуз дирилдеп билдире тургандай кылып тууралап алсаңыз болот.
• Маектешиңизге жазып жооп берсеңиз да болот.
• Мыкты сапатта транскрипциялоо үчүн зымдуу жана Bluetooth гарнитуралары, ошондой эле USB микрофондору сыяктуу тышкы микрофонду колдонсоңуз болот.
• Бүктөлмө телефондордо транскрипцияларды жана терилген жоопторду экрандан сырткары көрсөтүп, башкалар менен оңой баарлаша аласыз.
• Транскрипцияларды түзмөгүңүздө 3 күнгө чейин сактасаңыз болот. Сакталган транскрипцияларды 3 күндүн ичинде каалаган жерге көчүрүп алсаңыз болот. Демейки шартта сакталбайт.

Үн билдирмелери
• Айланаңызда маанилүү добуштар чыкканда, мисалы, түтүн сигнализациясы иштеп же балаңыз ыйлаганда билдирме аласыз.
• Тиричилик шаймандарынын өзүнүн үндөрүн кошсоңуз болот.
• Айланаңызда эмне болуп жатканын текшерүү үчүн акыркы 12 сааттагы үндөрдү карап чыгыңыз.

Талаптар:
• Android 12 жана андан кийинки версиялар

Тике транскрипциялоо жана үн билдирмелери АКШ'дагы кулагы укпаган же начар уккан студенттерди окуткан Галлодет университети менен кызматташтыкта иштелип чыккан.

Жардам жана пикир билдирүү
• Пикир билдирип, кызматтын жаңыртууларын алуу үчүн Жеткиликтүү Google тобуна кошулуңуз: https://g.co/a11y/forum
• Тике транскрипциялоо жана үн билдирмелерин колдонуу боюнча жардам алуу үчүн https://g.co/disabilitysupport бөлүмү менен байланышыңыз.

Уруксаттарды тескөө
Микрофон: Оозеки кепти текстке айландыруу үчүн Тике транскрипциялоо колдонмосуна жана Үн билдирмелери функциясына микрофон талап кылынат. Транскрипциялар же добуштар иштелип бүткөндөн кийин, аудио сакталбайт.
Билдирмелер: Добуштар тууралуу кабарлап туруу үчүн Үн билдирмелери функциялары билдирмелерге кирүүгө уруксат алышы керек.
Жакын жердеги түзмөктөр: Bluetooth түзмөктөрүнө туташып, алардын микрофонун колдонуу үчүн Тике транскрипциялоо колдонмосуна жакын жердеги түзмөктөрдү пайдаланууга уруксат берүү керек.
Качан жаңырды
2024-ж., 23-окт.

Маалыматтардын коопсуздугу

Коопсуздук дегенде колдонмонун маалыматты кантип топтоп, аны үчүнчү тараптар менен кантип бөлүшө турганын түшүнүү керек. Маалыматтардын купуялыгы жана коопсуздугу колдонмоңуздун иштетилишине, жүргөн аймагыңызга жана курагыңызга жараша болот. Маалыматты иштеп чыгуучу берип, маал-маалы менен жаңырып турат.
Үчүнчү тараптар менен маалымат бөлүшүлбөйт
Иштеп чыгуучулар маалыматтардын бөлүшүлүшү жөнүндө кантип кабар берерин билип алыңыз
Бул колдонмо төмөнкүдөй маалыматтарды топтошу мүмкүн
Жеке маалымат, Аудио жана дагы 3
Маалымат шифрленип өткөрүлөт
Маалыматты өчүрүү мүмкүн эмес
Коопсуздукту өз алдынча текшерүү

Баалар жана сын-пикирлер

3,7
167 миң сын-пикир

Эмне жаңылык

• Dual Screen бүктөлмө телефондордо колдоого алынат. Функция түзмөктөргө жараша ар кандай иштеши мүмкүн.
• Көбүрөөк тилдерде, анын ичинде хинди, корей, поляк, португал, орус, жөнөкөйлөтүлгөн кытай, салттуу кытай, түрк жана вьетнам тилдеринде офлайн режиминде колдоого алынат.