Signal купуялыкты биринчи орунга койгон жазышуу колдонмосу. Сүйлөшүүлөрүңүздүн купуялыгын камсыз кылып, баштан-аяк шифрленген, акысыз жана колдонууга оңой колдонмо.
• Текст билдирүүлөрдү, аудио билдирүүлөрдү, сүрөттөр менен видеолорду, стикерлерди, GIF'терди жана башка файлдарды акысыз жөнөтөсүз. Signal мобилдик Интернетти колдонгондуктан, SMS жана MMS үчүн акы төлөбөйсүз.
• Досторуңузга аудио жана видео режимдеринде чалып, мыкты сапатта сүйлөшө аласыз. 40 адамга чейин топтошуп чалыша аласыз.
• 1000 чейин адам менен топтошуп маектеше аласыз. Топтун администратору катары ким пост жайгаштыра аларын чечип, топтун мүчөлөрүн башкарасыз.
• 24 сааттан кийин жоголуп кете турган сүрөт, текст жана видео окуяларыңызды бөлүшө аласыз. Купуялык параметрлери аркылуу ар бир окуяңызды ким көрө аларын тандасаңыз болот.
• Signal купуялыңызды коргойт. Ким экениңизди жана ким менен сүйлөшүп жатканыңызды билбейбиз. Баштапкы коду ачык Signal Protocol кызматы аркылуу билдирүүлөрүңүздү да, чалууларыңызды да окуп, уга албайбыз. Эч ким. Эч ким тыңшабайт, маалымат чогултпайт, жең алдынан келишпейт.
• Signal башка уюмдардан айырмаланып, башка технология менен иштеген көзкарандысыз, коммерциялык эмес кызмат. Биз 501c3 коммерциялык эмес компания болгондуктан, жарнамачыларыбыз же инвесторлорубуз жок, силердин колдооңуз менен иштейбиз.
• Жардам алгыңыз келсе, суроолоруңуз болсо же кененирээк билгиңиз келсе, бул жерге өтүңүз: https://support.signal.org/
Баштапкы кодубузду бул жерден билсеңиз болот: https://github.com/signalapp
Бизге Twitter @signalapp жана Instagram @signal_app кызматтарында жазылыңыз
Качан жаңырды
2024-ж., 25-ноя.